Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

30 шаардагы ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулган

04.02.2020 12:59
701
30 шаардагы ишкерлер салыктын 4 түрүнөн бошотулган


2019-жылы айыл чарба продукциясын кайра өндүрүүчү ишкерлерге кошумча нарк салыгын 80%га чейин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул туурасында экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.

Ошондой эле соода-логистикалык борборлорго да жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Алсак, кошумча нарк салыгынан жана пайдага болгон салыктан, мүлк салыгынан жеңилдиктер каралган. Маалым болгондой, артыкчылыктуу аймактарга ушундай мүмкүнчүлүктөр берилген. Учурда бул багытта өлкөдө 30 шаар белгиленген. Анда иш алып барган инвестор, ишкерлерди 4 салыктын түрүнөн бошоткон. Мындай аракеттер экономиканын жана экспорттун өсүшү үчүн багытталган.

"Айыл чарба кооперативдерин 2 салыктын түрүнөн бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Мындан тышкары дагы 4 салык боюнча жеңилдиктер берилди. Мунун баары ата мекендик ишканаларга бутка турууга шарт түзүп, продукциясын экспортко чыгарууга багытталган",- деди Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн