Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖАМКнын 2 кызматкери абакка баңгизат киргизип жатып кармалды

24.03.2020 08:56
644
ЖАМКнын 2 кызматкери абакка баңгизат киргизип жатып кармалды


№ 1 абактын кызматкерлери эркинен ажыратылгандарга баңгизат киргизип жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 21-март күнү Чүй облусундагы № 1 абакта тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз киргизип жаткан жеринен, мекеменин көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун оператору и/к кенже сержанты жана ЖАМКтын 2-батальонунун иш кагаздарын жүргүзүүчүсү и/к сержанты кармалып, алардан ири өлчөмдөгү “марихуана” баңги каражаты жана спирт куюлган желим бөтөлкөлөр алынган.


Аталган факты боюнча 267- (сатуу максатын көздөп, баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) берене менен кылмыш иши козголгон.


Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул фактыга тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери улантылып жатканы кабарланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн