Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 15:46
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Абитуриенттерди жалпы республикалык тестке каттоо башталды

05.02.2025 13:20
27
Абитуриенттерди жалпы республикалык тестке каттоо башталды


Кыргызстанда абитуриенттерди жалпы республикалык тестке каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Жалпы республикалык тестке каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында 3-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт.


Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн алар окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнөн катталышат.


Каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:

  • паспорт (же паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
    • орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
    • ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция);
    • талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.


ЖРТга онлайн каттоо боюнча бардык нускамалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жеткиликтүү жана ар бир билим берүү мекемесине жөнөтүлөт.


ЖОЖдордун гранттык орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тести милдеттүү болуп саналат. Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер милдеттүү түрдө предметтик тесттерди тапшырышы керек. Абитуриенттин предметтик тестти (тесттерди) тандоосу ал окуйм деп тандап алган адистиктен көз каранды.


Абитуриенттерге химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча предметтик тесттер сунушталат.


Белгилей кетсек,министрликтин 2024-жылдын 7-февралындагы № 191/1 буйругуна ылайык, 2024-жылдан тартып КРдин ЖОЖдоруна тапшырган абитуриенттер үчүн мамлекеттик тил боюнча тест милдеттүү болуп саналат. Бул тесттин жыйынтыктары ЖОЖдорго кабыл алууда таасир этпейт. Бирок негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары (ЖРТ сертификаты), мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча, берилбейт.


Каттоо акысы 2025-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду, 2024-жылы киргизилген мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт.

Тест болжол менен 2025-жылдын 15-майынан 21-майына чейин өткөрүлөт.


Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору ЖРТга даярдануу үчүн www.testing.kg сайтындагы компьютердик жана бланк түрүндөгү сынамык тесттерди, акысыз китепчелерди, ошондой эле www.testing.kg сайтындагы жана YouTube каналындагы ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактарды сунуштайт.


ЖРТга онлайн каттоо боюнча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңар болот: (0312) 66-48-38, (0500) 66-48-38, (0550) 66-48-38, (0222) 66-48-38.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн