Ала-Букада 80 жана 95 жаштагы милициянын ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Камилов Артыкбай аксакал 1927-жылы 1-январда жарык дүйнөгө келип, 25 жылдан ашуун өз өмүрүн милицияга, элдин коопсуздугун камсыздоого арнаган. Учурда ал Ала-Бука районунда жашап, 95 жаш кутман куракка чыгып отурган кези.
Ал эми Арзыматов Жаныш аксакал 10-январь күнү 80 жаш курагын белгиледи.
"Ардактуу эс
алуудагы ардагерлердин кутман курактары менен Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер
кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Ала-Бука РИИБдин начальниги Райымбек Сулайманов
баштаган топ куттукташып, бекем ден соолук каалашты. Ардагерлерге Кыргыз
Республикасынын ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана баалуу
белектер тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Өз учурунда аксакалдарыбыз алакан жайып ак баталарын беришип, келген жамаатка ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн