Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип, каттоодогу УКТ мүчөсү кармалды

23.03.2021 10:10
444
Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип, каттоодогу УКТ мүчөсү кармалды


Аламүдүндө күрөөгө автоунаа таштап, 3000 АКШ долларын алып, ошол боюнча качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-март күнү Аламүдүн РИИБне 1977-жылы туулган С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө автоунаа таштап, 3000 АКШ долларын алып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргузүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралырынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 1983-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда ал КР ИИМдиин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.


Кармалган жаран тергөө кызматына өткрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн