Алмазбек Бейшеналиев Европа Биримдигинин БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лотте Кнудсен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бир катар зыярат сапарлардын алкагында, 2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Европа Биримдигинин БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лотте Кнудсен айым менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө дипломаттар эки тарапты кызыктырган бир катар эл аралык темалар боюнча пикир алмашышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн