Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 12:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Алтынбек Сулайманов: “Коопсуздукту камсыздаган өлкө гана туристтердин тандоосуна арзыйт”

29.07.2022 18:13
7749
Алтынбек Сулайманов: “Коопсуздукту камсыздаган өлкө гана туристтердин тандоосуна арзыйт”


КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.


- Алтынбек Турдубаевич, буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп келген аткаминерлер эс алуусун чыңдап, маараке, тойлордо эле жүргөнүн көрчүбүз. Сиз алардан эмнеңиз менен айырмаланып атасыз? 


- Саламатсыздарбы! Мен азыр эс алууну, той-ашты, баарын токтотуп коюп, чарба менен алек болуп жаткан кезим. Анткени, мага ошондой милдет жүктөлгөн. Ысык-Көл облусунун потенциалы чоң, келечеги кең, ошондуктан бүт күч аракетимди облусту өнүктүрүүгө жумшап жатам. Учурда бир нече ири долбоорлорду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Мисалы, жайы-кышы туристтерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүгү бар Каракол шаарын мындан да көрктөндүрүү зарыл. Өзүңүзгө деле белгилүү болсо керек, быйыл Каракол шаары КМШ өлкөлөрдүн маданий борбору макамын алып, анын алкагында ири суммадагы каражат каралып, учурда шаарыбыздын инфраструктурасын оңдоо аракетиндебиз. Мындан сырткары, киреше алып келчү багыттагы иштер да жүргүзүлөт, атай кетсем, асфальт-бетон, темир-бетон, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор да курулат. Стадионду оңдоо, спорт комплекс салуу сыяктуу амбициялуу социалдык долбоорлорду максаттап турабыз. Ошондой эле Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары 1960-жылы курулган саркынды сууларды топтоочу жайлар менен күн өткөрүп келгендиктен, кабат үйлөрдү салуу токтоп калган экен, учурда ири долбоорлор ишке кирип, Каракол жана Балыкчы шаарларында канализация тутумдары оңдолуп баштады, Чолпон-Атаны да камтууга аракет кылып жатабыз. 


Мындан сырткары, жер-жерлерди кыдырып, карапайым калктын турмушу менен таанышып, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүүгө болгон күчүмдү жумшап жатам. Буга чейин шаарларды, райондорду кыдырып чыктым, эми ар бир айылды кыдырууну пландоодомун. 


- Ысык-Көлгө инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү боюнча кандай программа, пландарыңыз бар?


- Инвестиция тартуу боюнча бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Мисалы, облус аймагында күндөн жана шамалдан электр энергиясын өңдүрүү үчүн инвестиция тартылып, учурда иштер жүрүп баштады. Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагында кубаттуулугу 300 мВт 16 шамал электр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик 10 гектар жер тилке бөлүп берди, дагы 300 гектар бөлүп берүүнү пландап жатабыз. Ошол эле айыл аймакта 500 мВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууга 1200 гектар жер аянты берилген. Ал эми Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында трансформацияланган 407 гектар жер аянтына «Бишкек Солар» компаниясына таандык 300 мВт кубаттуулуктагы күн энергиясын иштеп чыгуучу электростанциянын курулушу башталды. Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда да чакан ГЭСтерди курууга инвесторлор үчүн бош жер тилкелер бөлүнүп жатат.


Айрым категориядагы жерлерди трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилген учурдан тарта жеринде инвестициялык климат кыйла өзгөрдү десем болот. Мисалы, айыл чарба багытында дагы инвестицияларды тартуу иштери кызуу жүрүүдө. Облустун аймагында ички жана сырткы инвесторлор үчүн 18 компанияга 3073,84 гектар бош жерлер трансформацияланып, пайдаланууга берилди. Ал жерлерге балык чарбалары, курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана, чакан ГЭСтер, логистикалык борбор, канаттуулар фабрикасы ж.б. ишканалар курулмакчы. 


Мындан ары да инвесторлор үчүн ишканаларды ачууга бош жер тилкелерди берүү жагын жөнөкөйлөштүрүү максатында индустриалдык парк демилгеси көтөрүлгөн. Долбоорду ишке ашыруу 200 млн. АКШ долларын талап кылат.


Туризм багытына өзгөчө көңүл буруудабыз. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында беш даана “Туристтик маалымат борборлору” курулуп баштады. “Туризмди өнүктүрүү фонду” менен биргеликте 8 рест-пойнттордун жер тилкелери бөлүнүп берилип, керектүү кагаздары тез аралыкта даярдалууда. 


Айта кетчү нерсе, Жети-Өгүз жана Тоң райондорун дүйнөлүк геопарктардын катарына киргизүү боюнча ЮНЕСКО уюму менен кызматташуудабыз. Керектүү каражаттарын бөлүп бердик. Келечекте бул иштер туризмге чоң таасир берет деп ишенем.


- Айыл чарба азыктарын, жер-жемиштерди экспорттоо жагынан демилге, идеяларыңыз менен ой бөлүшсөңүз? 


- Облустун аймагында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнөн негизинен картошка жана мөмө-жемиштери экспорттолуп келүүдө. Тактап айтсак, облустун аймагында жылына 73 миң тоннага чейин мөмө-жемиш өндүрүлүп, дээрлик 70%ы Россия, Казакстандын базарларына чыгарылат. Андан сырткары, аймагыбыздын климаты дары чөптөрдү өстүрүп, аны экспорттоого өбөлгө түзөт. Өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын экспортко жөнөтүлүүчү көлөмүн көбөйтүү үчүн аларды сактоо боюнча жаңы технологияларды колдонуучу логистикалык борборлорду куруу жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалардын потенциалын чыңдоо зарыл. Ошондой эле өсүмдүк продукцияларынын жогорку түшүмдүүлүктөгү сортторун жайылтуу, кайра иштетүүчү ишканаларды экспортко багыттоо үчүн алардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу, облустун аймагында өстүрүлүүчү айыл чарба продукцияларынын түрлөрүн диверсификациялоо зарыл. 


Ал эми бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди айтсак, бүгүнкү күндө “Азия өнүктүрүү банкы” тарабынан Каракол шаарына ири логистикалык борборду жайгаштыруу боюнча технико-экономикалык негиздеме даярдалууда жана бул тармакта инвестиция зарыл болгон башка долбоорлор да бар. Учурда Түп–Кеген эл аралык жолдун курулушу башталды, бул дагы экспортко шарт түзүүчү инфраструктура болуп саналат. 


- Ысык-Көлдүн өрүктөрү өтпөй, чирип атканын көрүп атсаңыз керек. Карапайым эл башка да азыктарын өткөрө албай кыйналганы маалым. Бул көйгөйлөрдү кантип чечсек болот?


- Ысык-Көлдүн абрикосунун 17 миң тоннага жакыны Россия, Казакстанга экспорттолуп келүүдө. Азыркы мезгилде облустун аймагында абрикос, карагат, малинанын түшүмдөрү жыйналууда. Бирок, быйыл баалар төмөн болуп жатат. Ага бир нече себеп болууда. Сатып алуучулардын былтыркы жылга салыштырмалуу айылдарга өтө аз кирүүсү, Казакстанга өткөрүү постторунда автомашиналардын өтүүсү көп убакытка кармалып жатканы, абрикосту сыртка чыгарууда жол киресинин былтыркы жылга салыштырмалуу кескин көтөрүлгөндүгү, Россияга, Казакстанга башка өлкөлөрдөн абрикостун кирүүсү көбөйүп жатканы, жаан-чачын көп болгондугуна байланыштуу өзгөчө Жети-Өгүз районунун абрикосторунун товардык көрүнүшү начар болгону да себеп болууда. Биз Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине тийешелүү багытта көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуу жасап, тийешелүү мамлекеттик кызматтар менен уюштуруу, аткаруу иштерин алып баруудабыз. 


- Эки жыл катары менен пандемиянын залакасы тийип, Ысык-Көлдө сезон анчейин чегине жеткен эмес. Быйыл өзгөчө көрүнүш. Меймандарга, туристтерге Ысык-Көлдүн жээги толду. Көпчүлүк пансионаттарда, эс алуучу жайларда кабыл алуу, тейлөө ойдогудай болбой, нааразы тараптардын көбөйгөнү эмнеден?


- Туризмди өнүктүрүү менен бир эле Ысык-Көл облусун эмес, бүтүндөй өлкөнү өнүктүрсөк болот. Ошондуктан бул тармакка өзгөчө көңүл буруу керек. Ооба, өзүңүз айткандай, быйыл туристтердин, меймандардын агымы көп болуп жатат. Бирок, тилекке каршы, биз аларга жетиштүү деңгээлде кызмат көрсөтө албай, аксап келебиз. Өзүм баш болуп, тийешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге пляждарды кыдырып, кандай кемчиликтер бар экенин жеринен көрүп келип жатам. “Кыргыз эли меймандос” деп келебиз, бирок дүйнөлүк стандарттарга ылайык тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн ар бир пансионат, ар бир конок үйү кызматкерлерин окутуп, тейлөө сапатын жакшыртуусу абзел. 


Ал эми жергиликтүү бийлик эс алуу үчүн жакшы шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Дегеним, эми МАИ кызматкерлери мурдагыдай ыйгарым укуктарынан аша чаап, өз билгендерин кылбайт, тазалыкка жана коопсуздукка да өзгөчө көңүл буруудабыз. Туристтер кайсы өлкөгө барбасын, эң биринчи кезекте коопсуздук тарабын эске алышат. Коопсуздукту камсыздаган өлкө гана туристтердин тандоосуна арзыйт.


- Облуста укук коргоо органдарына караганда уюшкан кылмыштуу топтордун таасири жогору турабы? “Түшүнүк” менен баарлашуу, көшөгө артындагы күчтөр сизге кандай таасир калтырууда?


- Биз азыр мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө жашайбыз. Облуста “түшүнүк” менен баарлашабыз” деп айта албайм. Тартипти сактап, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо кызматкерлери күнү-түнү тынбай кызмат өтөп келишет. Кудайым ошолорго күч-кубат берсин.


- Алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коёсузбу?


- Аракеттеги мамлекеттик жооптуу кызматкер катары айтар элем, мен азыр саясаттан оолакмын. Азырынча менин пландарым бир гана багытта – өзүмө тапшырылган Ысык-Көл облусун бүт тарабынан өнүктүрүп, элибиздин жашоосун жакшыртып, милдетимди татыктуу аткаруу.


Маектешкен: Асланбек Сартбаев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн