Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ашмалтай болсо кең мекен, ажо болуш эмне экен?

13.11.2020 13:22
527
Ашмалтай болсо кең мекен, ажо болуш эмне экен?

Бир кезде жазган экемин

Камышбай койчунун президенттике кандидаттыгын койгону

…Кызык эле көрүнүш. Учурда президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 24гө жетиптир. Арасында кимдер гана жок. Жаңылбасам А.Атамбаев шайланаардын алдында талапкерлердин саны 40тан ашып барып кайтса керек эле. Дагы бир жолу 80ге чаап барып кайткандай болгон. Мындан улам, кезегинде “Жаңы Агым” гезитине ушул ырды жазыптырмын.

«Азаттыктан" кеп угуп,
Ажо болом дегендер,
Арбып кетти деп угуп.
"Жаңы Агымдан" кеп угуп,
Жарышкандар көбөйүп,
Дарбып кетти деп угуп…
Кадимки койчу Камышбай,
Кан болом деп жулунуп,
Калайманды баштады,
Кайтарган коюн таштады.
Бишкекке келип бир тийип,
БШК болду тапканы…

Тапканы менен курусун.
Туурадан чыга калыптыр,
Туйгунаалы дегенин
Сүзүп ала жаздады.
Туура басып этегин,
Үзүп ала жаздады.
Кысталак мындай болорбу,
Кыйкырса үнү угулбайт,
БШК алды кыжылдайт…
Таза толуп кетиптир,
Таяк алган чалдары.
Көз айнеги табактай,
Көөдөндөрү Таластай,
Бирин-бири жөөлөшөт
Билимдүүсүнгөн жандары.
Жакындатчу түрү жок
Жалаңкычтай көрүнгөн
Жанындагы балдары.
Арыз жазып керилет,
Айтаарга сөздөн эринет,
Кирпигине чаң жукпас,
Ким бирөөнүн жалжалы…

Ар жакта акын Чекмурат,
Айтып мындай деп турат:
- Ашмалтай болсо кең мекен,
Ажо болуш эмне экен?
Карайлап турса кең мекен,
Кан боло коюш эмне экен?
Камышбай койчу келиптир,
Кана эмне дээр экен?..

Камышбай ушул болгону,
Камышбай атка конгону,
Коктуну далай өрдөгөн,
Кокуйду мындай көрбөгөн.
Алайдын башын өрдөгөн,
Азап жумуш турбайбы,
Ажо талаш көрбөгөн.
Айныкейи кармады,
Айлына кайра барганы.
Адам болбой өлгүң деп,
Ажо болбой келдиң деп,
Камышбай болбой өлгүң деп,
Кан болбой кайра келдиң деп,
Катыны мээсин чайнады.

...Ал аңгыча таң атты,
Болбосоң өзүм болом деп,
Борумдуу жоолук салынып,
Камышбайдын кемпири,
Борборду көздөй баратты.

«Жаңы Агым», 12. 08. 2011.

Темирбек Алымбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн