Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Ата-энелер контрактын баасын түшүрүүнү талап кылбай, ЖОЖдорго жардам берсин”

16.02.2021 16:20
791
“Ата-энелер контрактын баасын түшүрүүнү талап кылбай, ЖОЖдорго жардам берсин”


15-феврвлда Бишкектеги бир топ жогорку окуу жайларынын студенттери “контрактын акчасын азайткыла, онлайн окуудан тажадык, сабактар жакшы өтүлбөй жатат” дешип акцияга чыгышты. Бир чети аларды да түшүнсө болот. Бир жылдан бери карантин болуп чек аралар жабылып, көптөгөн ишканаларда иш токтоп калды. Элдин жашоо деӊгээли өтө төмөндөп кетти. Оору күчөп, өлүм-житим кескин көбөйдү. Элде психологиялык оор абал жаралды. Октябрдагы чак челекей жана бийликтин алмашуусу да шайлоо шылтоосу менен болду. Өзгөчө үйгө токтобой же аудиторияларда сабак окуп, же көчөлөрдө жүрүп убакытын ойноп өткөргөн жаш балдар менен студенттерге кыйноо болду десек болот.


Оруста «Не было счастье да несчастье помогло» деген сөз бар. Себеби онлайн режиминде же дистанттык (аралыктан же сырттан) окутуу азыркы мезгилдин талабы жана Болон системасынын негизги принциптерине кирет.


2015-жылы июлдун 10унда Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин ошол кездеги илим боюнча проректору, т.и.д., профессор Н.Ж.Эсенгулов, ЭфИнин директору мен жана М.Рыскулов атындагы КЭУнун ректору профессор Т.Камчыбеков болуп АКШ, Кытай, Россия, Швейцария,Тайвань, Казакстан, Монголия, Түштүк Корея, Кипр жана Македониянын университеттеринен келген ректорлор менен биргелешкен онлайн окутуу боюнча меморандумга кол койгонбуз. Ошол максатыбызды ишке ашыруу үчүн байланышыбызды күчөтүүгө макулдашканбыз. Тилекке каршы оптимизация деген шылтоо менен ошол кездеги КУУнун 7 институту жабылып, ал максатыбыз ишке ашпай калды. Бирок өзүм ачкан жаӊы «Экономика жана финансы» институтунда бул багытта көп иштер аткарылды. Биздин коллектив ал ишти улантып жатат.


 Азыркы пандемия биз баштаган ошол максатты автоматтык түрдө өзү эле киргизип койду. Онлайн окутуу арзанга турбайт. Тескерисинче жаӊы техникаларды жана технологияларды талап кылат. Аларды иштетүү үчүн окутуучулар менен катар студенттердин да үйрөнүүсүн талап кылат.  Ан үчүн мурун көӊүл бурулбай келген техникаларды кошумча сатып алыш зарыл. Окутуучуларды кайрадан окутуп үйрөтүш керек. Мунун баары кошумча каражат менен убакытты талап кылат. Биздин министрлик ушуну туура түшүнүп, колунан келишинче аракет кылып жатканы мактоого татыйт. Бирок ушундай оор мезгилде жөнү жок акцияларга чыгууну жеке өзүм туура эмес деп эсептейм. Ата-энелер да кыйынчылыкка карабай туура түшүнүп, тескерисинче окуу жайларынын ишине жардам бериши керек. Болбосо баланын билими менен ден соолугу жеке окуу жайына эмес баарыбызга керек нерсе.


Баарыӊарды урматтоо менен ден соолук, аманчылык каалап Профессор АЙЫЛЧЫ САРЫБАЕВ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн