Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айдоочу кармалды. Ошто Daewoo Nexia жол жээгинде турган жаш баланы сүзүп кеткен

Айдоочу кармалды. Ошто Daewoo Nexia жол жээгинде турган жаш баланы сүзүп кеткен


Ошто Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде турган 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуя 17-сентябрда Жапалак айылындагы Ташиев көчөсүндө катталган.

Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу үйүнүн жанында ойноп жаткан М.А. аттуу бала сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургуну болуп чыккан.

Автоунаа айып короосуна киргизилип, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилген.

Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген, учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн