Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Айылчы Сарыбаев: “Арзыматтар менен аферисттер президентти тегеректеп алышты”

03.05.2021 09:55
1159
Айылчы Сарыбаев: “Арзыматтар менен аферисттер президентти тегеректеп алышты”


- Электр энергиясынын тарифтери тууралуу сиздин пикириңиз кандай?


- Улам жаӊы келген министрибиз түрдүү шылтоолорду ойлоп таап, эптеп тарифтерди көтөрүп, анан энергетика системасын чет элдик инвесторлорго салып берүү аракети. Билсе-билбесе деле энергетика системасынын тарифин көтөрсө эле Токтогул суу сактагычы бир заматта ашып-ташып кете тургансып, “Америкада, Англияда, Францияда жана Германияда тарифтер мынча экен” деп дөөрүгөндөр көбөйдү. “Булар аконит эмес эле адырашмандын ашын жегенби?” деп ойлоого түрткү берет. Себеби, ал өлкөлөрдөгү жашоо деӊгээли менен биздин шордуу элдин жашоо шартын салыштыргысы келбеген министрлер менен алардын “куйруктары”, алты тутам арамза кошоматчылары толуп кетишти. 


1,5 миллион мигранттар жумушсуздуктун айынан тентип жүрүшөт. Ички миграция менен жумушсуздар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жарды-жалчылар, кары-картаӊдар, айтор, элдин 80%ы жашоо деӊгээли өтө төмөн өлкөнүн элине жогорулатылган тарифти колдонуу даана зөөкүрчүлүк экенин билсе да билмексен болуу айбанчылыкка жатат.

Айтор, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”. Мен оюмду социалдык тармактардан билдирдим. Президентке туура эмес маалымат берип, алдап, элге жаман көрсөтүүнүн аракетин көрүп жатышкандай туюлат.  Арзыматтар  менен аферисттер тегеректеп алышыптыр. Эми биздин ойдун эч кимге кереги жок. Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт. Өз акылдары өзүндө. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн