Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айылчы Сарыбаев: Бирөөнүн айлыгын "канча" деп сураган куюшканга кыпчылган менен барабар

12.02.2021 14:35
973
Айылчы Сарыбаев: Бирөөнүн айлыгын "канча" деп сураган куюшканга кыпчылган менен барабар


1994-жылы  5 республиканын (Кыргызстан, Өзбекстан,Тажикстан жана Казакстан) Финансы жана кредит кафедраларынын доценттери, профессорлору, декандары Европа өнүгүү банкы жана Түркия өкмөтүнүн финансылоосу менен Стамбулда Мал Төпөдө Түркия банктар Ассоциясынын окуу борборунда окуп калдык. Белгиядан келген жаш жигит сабак берет. Тажиктер менен өзбектер кайра-кайра эле андан “айлыгыӊ канча” деп сурай беришти. Тажаганда ал мындай деп жооп берди. «Бизде цивилизацияланган мамлекет катары эч кимдин менин айлык акымды, жеке турмушумду жана менин начальнигимди талкуулаганга акысы жок. Бул «дурное воспитание» катары кабыл алынат» деп. Баарынын жаагы жап болду. Ошондо биздин кыргыздарда таптакыр эле тартип тарбия жокпу деген суроо туулат.


Деги эле кимдин кандай жумушу бар менин кирешем менен. Менин кирешемди эсептеп салык сала турган органдар бар да. Бул куюшканга кыпчылган боктой болгонго жатпайбы.  Себеби эки жигит бир кызды сүйүп калса ал кыз элден мурун алардын айлык акысын сурап анан айлыгы көбүрөөгүн сүйбөйт да. Муну этика дейт. Этика. Адеп-ахлак дейт. Адепсиз адам оозуна келгенди сурай берет. Муну айтканым Улуттук Банктын башчысынан ушуну менен бешинчи жолу сурап жатышат окшойт.

 

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн