Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Айылчы Сарыбаев: Дөөлөт тоголок болот, кесирленбегиле!

23.04.2021 19:40
4243
Айылчы Сарыбаев: Дөөлөт тоголок болот, кесирленбегиле!

Аӊгектен качсаӊ дөӊгөчкө деген жакшы макал бар. Улам жаӊы келген министрибиз улам жаӊы шылтоолорду ойлоп таап, эптеп тарифтерди көтөрүп, анан энергетика системасын чет элдик инвесторлого салып берүү аракети. Билсе билбесе деле энергетика системасынын тарифин көтөрсө эле Токтогул суу сактагычы бир заматта ашып, ташып кете тургансып "Америкада, Англияда, Францияда жана Германияда тарифтер мынча экен" деген дөөрүгөндөр көбөйдү. Булар аконит эмес эле адырашмандын ашын жегенби деп ойлоого түрткү берет. Себеби ал өлкөлөрдөгү жашоо деӊгеели менен биздин шордуу элдин жашоо деӊгээлин салыштырыгысы келишпеген министрлер менен алардын куйруктары алты тутам арамза кошоматчылары толуп кетишти. 1,5 миллион мигранттар жумушсуздуктун айынан тентип жүрүшөт.


Ички миграция менен жумушсуздар, көп балалуу үй бүлөлөр, жарды жалчылар, кары картаӊдар айтор элдин 80% жашоо деӊгээли өтө төмөн өлкөнүн элине жогорулатылган тарифти колдону даана зөөкүрчүлүк экенин билсе да билмексен болуу айбанчылыка жатат. Кимге энергетика системасына финансылык анализ жана консультация керек болсо келгиле чогуу анализ кылалы.


Билбей туруп чочоӊдой берүүгө болбойт. Элден мурун жумушсуздукту жоюп, инфляцияны токтотуп, элдин кирешесин көтөрүп анан тариф жөнүндө айтыш керек. Эрнс Карыбековдун тегерегине чогулгула. Сапарбек Аргымбаевди таап кеӊешин уккула. Болбосо Акаев, Бакиев жана Данчиктин кебетесин тез эле кийип каласыӊар. Жардылар менен байлардын айырмасын кантип эсептейсиңер. Элден мурун ошону айткылачы .


Дөөлөт тоголок, байлык колдун кири дейт. Кесирленбегиле.


Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору, профессор

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
zaria Orozoeva
Агай туура айтып жатат, олкодогу корунуктуу окумуштуу, кенешин угуп, Президент жана энергетика министрлиги туура жыйынтык чыгарат деген умуттомун.
Урмат Мураталиев
Эн туура айтыптыр биринчи энергетика тармагындагы коррупцияны тазаласа, кадр саясатын ондосо, элдин жашоо шарты кыйын копчулуктуку биз Америкага окшоп 15000-30000 доллар айлык алып жаткан жокпуз. Айтып отурса соз коп!!!