Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айылчы Сарыбаев: Президенттин кереги жок...

01.01.2021 14:48
1158
Айылчы Сарыбаев: Президенттин кереги жок...

Президент болсо Премьердин кереги жок. Же Премьер болсо Президенттин кереги жок. Эки аппаратка келесоолор эле чыгым болот.


Баары тен Мыйзамдын алдында жооп берет. Көз карандысыз шайланып келген соттордун алдында. Баары тең парламент, президент, соттор мыйзам алдында жооп берет. Конституциянын гаранты мыйзам болот. Верховенства закона деп ошону айтат. Эч качан бир дагы өлкөдө Президент конституциянын гаранты болгон эмес жана боло да албайт. Президент кудай эмес. Ал деле сен сыяктуу бир өлкөнүн жараны.Мыйзамдын бийлигине жетише албасаң өз өлкөңдү өзүң өрттөп талкалоо жылдан жылга боло берет. Эгерде ГКНБ мыйзамсыз иш кылса өткөн кылымдагы Гаитидеги Тон Тон Макуларына окшогон тагдырга туш болот. О.Генринин "Короли и капуста" деген китебин окудуң беле? Биз азыр ошондой абалдабыз. Саясий, социалдык жана экономикалык абалды бирдей караш керек. Эл аралык абалыңды кошо карашың керек. Бирине бири чырмалышкан. Ар бирин ар башка кароого болбойт. Бирин билсең эле баарын билем дей бербеш керек. Мамлекеттин үч функциясы бар.

1. коопсуздук.

2. экономикалык.

3 социалдык.

Үчөөнү бирдей алып кете албасаң мамлекеттен айрыласың.


Айылчы Сарыбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн