Бүгүн, 19-сентябрда Азербайжан Республикасы Тоолуу Карабак аймагында атайын аскердик операция баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрү расмий түрдө кабарлады.
Азербайжан тараптын маалыматына ылайык атайын операция антитеррордук максатта жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Азербайжан Республикасынын Куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт шаарын жана Армения Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн позицияларын бутага алып жатканы айтылууда. Ошондой эле сокку уруучу дрондор аркылуу Армениянын абадан коргоочу комплекстери талкаланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Азербайжан Тоолуу Карабакта өткөн президенттик шайлоо Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө каршы келерин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн