Бугу 13, 2024
Убакыт: 14:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Азиз Турсунбаев көп партиялардан баш тартып, бир мандаттуу округдан чыкканы калды

09.09.2021 21:59
1092
Азиз Турсунбаев көп партиялардан баш тартып, бир мандаттуу округдан чыкканы калды


Бир топ партиялардан сунуш алган Азиз Турсунбаев бир мандаттуу округдан – Ала-Бука, Чаткалдан талапкерлигин коёру белгилүү болду. Көп жылдардан бери бул аймакка эмгеги сиңип, бир канча ирет депутаттыкка да шайланган. Учурда Азиз Турсунбаевдин бир буту кичи мекенинде, экинчи буту Бишкекте (!) дегендей, аламан күрөшкө аттанууга чындап киришип, белин бек бууган чагы. Акаев заманынан бери Ала-Бука, Чаткалдан Азиз Турсунбаев дайыма алдыга чыгып, оппоненттерин артта калтырып келет. Ал эми 28-ноябрда өтө турган шайлоодо да көпчүлүк элдин колдоосуна татый турганы болжонууда. Канткен күндө дагы, күздөгү шайлоонун күрөшү катуу кетчүдөй, каршылаштары да оңой эмес адамдар. Эң башкысы, олигархтар менен ат салышуу кыйла оорчулукту жаратса керек. Айтор, маңдайга жазып койсо, марага биринчи келүү Азиз мырзага кеп бекен?.. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн