Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбордун курулушу башталды. Керектүү жабдыктар келип түштү. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Логистикалык борбордун курулушу аяктаса, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.
Борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып жатат. Ошондой эле USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң долларлык керектүү жабдууларды алып берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн