Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Баткенге жардам көрсөтүү боюнча топтун башына Райымбек Матраимовду дайындоо сунушталды

04.05.2021 15:39
2692
Баткенге жардам көрсөтүү боюнча топтун башына Райымбек Матраимовду дайындоо сунушталды

2-3 жылдан бери Раимбек Матраимов жөнүндө айтылбаган сөз, коюлбаган талап, берилбеген убада калбады көрүнөт... Акыры келип  "атып сала тургандай күнөөсү жок экен" - дегенге токтодук... Аны жактагандар тарабынан мыкты уюштургуч, жакшы менеджер дегендей сыпаттамалар көп айтылды. Ошондуктан  Баткендеги кыйроолорду калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам уюштуруу боюнча атайын Дирекция уюштуруп, ага Матраимовду башчы кылуу туура болобу дейм. Биринчиден, чынында эле колунан иш келген адам болсо анысын далилдейт, ишти уюштурат, ошону менен коом алдында өзүн реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Экинчиден, курсагы ток деп атышат, ошондуктан жардамга жыйналган жана атайын казынадан бөлүнгөн акча-каражатына кол салып жибербейт,  2010-жылдагы Ош тарапты калыбына келтирүүдөгүдөй терс көрүнүштөр кайталанбайт.  Үчүнчүдөн, өзү дагы каржы топтоого жакшы эле салым кошобу деп ойлойм, дос-тамырларын, бизнес өнөктөштөрүн тартып.  Менин оюмча аны башка-көзгө койгулап,  билгенибиз деле, билбегенибиз деле күнөөлөй бергендин ордуна бул беш күндүк жашоодо  Матраимовго бир чоң ШАНС бергенибиз туура болот го дейм. Анын үстүнө  жыйналып жаткан жардамдарды, болгон каржы булактарын жана башка ресурстарды бир жерге топтоп, бир нукка буруп,  иштерди бир жерден уюштурбаса  болбойт. Бул менин жеке пикирим.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумагул
Мен туура деп ойлойм.коп нерсеге козу жеткен адам.биз кыргызстандын келечегин 1 орунга коюшубуз керек.