Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Батукаевдин иши: Шаардык сот А.Атамбаевге чыгарылган чечимди күчүндө калтырды

14.08.2020 11:55
1010
Батукаевдин иши:  Шаардык сот А.Атамбаевге чыгарылган чечимди күчүндө калтырды

 

Бишкек шаардык соту  кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталууда.


Белгилей кетсек, буга чейин райондук сот Алмазбек Атамбаевди мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан. Мурдагы президент мындан сырткары мамлекеттик сыйлыктарынан ажырап, мүлктөрү конфискацияланган. 


Индира Жолдубаеваны 304-берене (коррупция) менен күнөөлүү деп таап, аны 5 млн сом айыпка жыгып. Ошондой эле, аны класстык чиндеринен жана наамдарынан толугу менен ажыраткан. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн