Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 21:11
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Газа тилкеси боюнча келишимге кол коюлганын тастыктады

17.01.2025 13:33
41
Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Газа тилкеси боюнча келишимге кол коюлганын тастыктады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израиль өлкөсү, ХАМАС кыймылы, АКШ жана Катар Газа тилкесинде барымтадагыларды бошотуу, ок атышпоо келишимине кол койгонун ырастады. Бул тууралуу The Jerusalem Post гезитине таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, келишимди бекитүү үчүн Израилдин коопсуздук министрлеринин кабинети чогулуп, андан соң өкмөттүн жыйыны өтөт. Келишимге добуш берүү 18-январда болот.

Келишим боюнча, барымтага алынган алгачкы үч жаранды бошотуу 20-январга жылдырылды.

Эске салсак, Палестинанын Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары - Израиль жана ХАМАС кыймылы - Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен 42 күнгө ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Келишимдин биринчи этабында миңге жакын палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 33 израилдик бошотулушу керек.

Израили аскерлери Газа тилкесинин чек араларына чегиниши керек, бирок алар азырынча өз чектеринде кала берет.

Тынчтыктын биринчи күнүнөн тарта гуманитардык жардамдын көлөмү көбөйөт - күнүнө 600 жүк ташуучу унаа, 50 унаа күйүүчү май жеткирилет. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.

Келишимдин гаранты катары Катар, Египет жана АКШ болуп, алар Каирде координациялык борбор түзүшөт. Тынчтыктын 16-күнүндө Израиль менен ХАМАС келишимдин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттенишкен.

Тынчтык жараянынын үчүнчү этабында каза тапкан туткундардын сөөгү үй-бүлөлөрүнө өткөрүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.

Бул жаңжал учурундагы экинчи элдешүү: биринчиси 2023-жылдын ноябрында түзүлгөн жана алты күнгө гана созулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн