Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бир айда 3 президент, 4 спикер алмаштыруу менен Гиннеске катталалыбы?

12.11.2020 11:29
468
Бир айда 3 президент, 4 спикер алмаштыруу менен Гиннеске катталалыбы?


11-ноябрда КР президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «КР президенттигине талапкерлигимди коюу үчүн шайлоого аттанып, президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугумду тапшыруу чечимин кабыл алдым» деп билдирди. Ошентип ал бир айга жетпеген убакыт президенттин милдетин аткаруучу болду. Эгерде баары бир шайлоого катышаарын жар салып, ыйгарым укуктарын тапшыра турган болсо, анда иштеп жаткан президентти шайлоого чейин шаштырбай эле турса эмне болот эле?


Ушул акыркы бир ай ичинде өлкөбүздө болгон окуяларга көз чаптырып көрүп, аргасыздан «Мындай көрүнүштөр бир гана Кыргызстанда болот» деп айтып, мактанаарыңды же өкүнөөрүңдү билбей каласың. 5-6-октябрдагы Ак үйдүн басып алынышынан кийин «Достук» мейманканасына чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Жумабековду спикерликтен кетирип, ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлап салышкан болчу. Андан көп узабай «Ала-Арча» резиденциясына чогулган депутаттар М. Абдылдаевди кетирип, К. Исаевди төрага кылышты. Жакында эле Канат Исаев да президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, төрагалык ыйгарым укугун тапшырды. Анын ордуна депутат Талант Мамытов шайланды. Ошентип бир ай ичинде ансыз да мөөнөтү аягына чыгып калган 6-чакырылыштагы парламенттин спикери төрт жолу алмашты.


5-6-октябрдагы окуялардын арты менен эркиндикке чыккан Садыр Жапаров жана анын тарапташтарынын талабы менен 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан отставкага кеткен. Ал билдирүүсүндө «өз элине ок атып, кан төккөн президент катары тарыхта калгым келбейт» деп жазган. Конституцияга ылайык, президент ыйгарым укуктарын тапшырган учурда өлкөдөгү экинчи адам болгон Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин милдетин аткаруучу болмок. Бирок, К. Исаев андан баш тартып, премьер-министрликке жаңы гана бекиген Садыр Жапаров эки тизгин, бир чылбырды колго кармаган. Ошентип 15-октябрда президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын алган С. Жапаров 11-ноябрда аны кайра тапшырды. Натыйжада эми ЖК төрагасына жаңы гана шайланган Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Ошондо бир ай ичинде өлкөбүздө үчүнчү президент ишке киришкен болуп жатабы?


Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө президент менен спикердин кызмат орду мынчалык төмөн деңгээлге түшөлек. Биздеги бул көрүнүшкө көз салып турган чет өлкө лидерлери «Булар эмне креслого кезектешип отуруу боюнча шерине ойноп жатышабы?» деп шакаба чегип жатышса керек. «Адегенде түрмөгө, түрмөдөн чыгаарың менен креслого, же креслодон түз эле түрмөгө» деген теорема да Кыргызстанда гана бар. Эгерде Кыргызстандын бийлик башына ушул теорема менен айланып келе беришсе, анда кайдагы өнүгүү болот?


Деги эле бир айга жетпеген убакыт бийликке келүүнүн максаты эмне эле? Мамлекеттин башына келе жаткан адам өтө чоң жоопкерчиликти мойнуна жүктөп келет. Анын үстүнө төңкөрүштөн кийинки абалда жоопкерчилик алгандан кийин аны аягына чейин чыгаруу керек эле. Азыр өлкө толук стабилдешип калды деп ким айта алат? Бир ай ичинде президенттин милдетин аткаруучуну кайсыл чет мамлекеттер тааныды? Кимдер расмий куттуктады? Андай болгон жок. Демек, өлкөнүн жолго салынып калган тышкы саясаты 5-6-октябрдагы төңкөрүштүн арты менен бузулуп, аны андан кийин келген бийлик жөнгө салбай туруп эле ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, өзү шайлоого аттанып жатканын көрүп жатпайлыбы. 3000 – 5000 кызуу кандуу тарапташтары бар саясатчылар эле өлкөдө өзү каалаганын жасап, 6 миллион элдин атынан сүйлөй бере турган болсо, анда бизде кайдагы мыйзамдуулук тууралуу сөз кылууга болот?


Сагынбек Сатыкеев


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн