Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бир нече жолу соттолгон. Кольбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Бир нече жолу соттолгон. Кольбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды


Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Кольбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-октябрында КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн