Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 01:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Биринчи Май жана Свердлов округунан депутаттыкка аттангандардын саны 13кө жетти

03.01.2022 11:16
1736
Биринчи Май жана Свердлов округунан депутаттыкка аттангандардын саны 13кө жетти

27-февралда кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, Борбордук шайлоо комиссиясына Биринчи Май шайлоо округунан шайлоого катышуу үчүн Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Русланбек Акылбеков жана Адылбек Гапаров арыз тапшырды.


Ал эми Свердлов шайлоо округунан Эдил Бейшенбаев жана   Муратбек Султанбаев шайлоого катышуу ниетин билдирген.


Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка аттангандардын жалпы саны 13кө жетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн