Бишкек-Ош жолунда 15 тонна май жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
26-ноябрь күнү саат 18:54 чамасында Токтогул району, Чычкан капчыгайында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 242-243 чакырымында “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 15 тонна өсүмдүк майы толугу менен күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 20:07 өрт чектөөгө алынып толук 00:35 өчүрүлдү. Жабыркагандар жок..
Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн