Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекке сот тутумунун 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн 9 өлкөдөн делегация келди

20.09.2024 10:58
820
Бишкекке сот тутумунун 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн 9 өлкөдөн делегация келди


Бишкекте Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн 9 өлкөдөн 12 делегация келди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркия, Азербайжан, Молдова, Өзбекстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан делегация жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле ал Евразия экономикалык бирлигинин сотунун төрагасы Алексей Дронов, КМШнын Экономикалык сотунун төрагасы Андрей Плотников, Европа комиссиясынын демократия үчүн укук боюнча вице-президенти Вероника Билкова менен да кезикти.

Жолугушууларда тараптар сот тутумун өркүндөтүү, сот бийлигинин ролун жана беделин бекемдөө, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, судьяларды даярдоо жана сот иштеринде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселелеринде пикир алмашты.

Мындан тышкары, алар укуктук маалыматты үзгүлтүксүз алмашуу жана өз ара кызыкчылык жараткан башка маселелер боюнча консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Алдыда Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасынын орун басары Дэн Сюмин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын Жогорку соттон кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн