Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 1,6 млн сомду алып качып кеткен 19 жаштагы кыз кармалды

12.06.2020 13:49
1289
Бишкекте 1,6 млн сомду алып качып кеткен 19 жаштагы кыз кармалды


Бишкекте белгисиз жарандын ишенимине кирип, 1 миллион 615 миң 900 сомун алып, изин жашырып кеткен 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдирди.


Маалматка ылайык, 8-июнь күнү жабырлануучу аял милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Анда бир кыз менен бир бала өздөрүн "Форекс" биржалык компаниясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, жабырлануучуга акча каражатынан пайда табууну убадалашкан.


Ал эми компания кызматкерибиз деген жарандар жабырлануучуга акча каражатынан 40-50 пайыз киреше табууга мүмкүн экенин айтып, терминал аркылуу 1 миллион 615 миң 900 сом алып, изин жашырып кетишкен.


Бул факт 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү делинген 19 жаштагы А.Б. аттуу кыз кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми окуя болгон учурда шектүү менен бирге жүргөн жигит Т.М. экени аныкталган. Ал иштен күбө катары өтүп, тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык анын иш-аракетине юридикалык баа берилет.


Биринчи Май райондук соту 11-июнда 19 жаштагы кызга карата СИЗО-1ге 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча амалдар жүргүзүлүп жатканы айтылат.


Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же ал тууралуу кошумча маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.


Байланыш номерлери: 0 (312) 56-32-48, 0(550) 10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) же 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн