Бишкек шаардык кеңештин (БШК) депутаттары административдик-аймактык реформанын алкагында БШКнын курамына кире турган айылдык кеңештердин өкүлдөрү менен жолугушуп, таанышты.
БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев уюштуруу маселелерин чечүү максатында бүгүн сессияда тыныгуу жарыяланганын эске салды.
«Бүгүн биз үчүн маанилүү дата. Баарыңыздар кош келдиңиздер, биз бир үй-бүлөбүз. Бул Бишкек шаары үчүн тарыхый учур. Жалпысынан бул Кыргызстан үчүн тарыхый учур. Административдик-аймактык реформа жүрүп жатат. Аны ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгына кол коюлду. Аны шаардык кеңеш мэрия менен биргеликте ишке ашырат», - деди ал.
Андан кийин сессияга катышкандардын баары бири-бирин тааныштырып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясын 4-мартта өткөрүү чечимин колдошту. Эске сала кетсек, ага 235 депутат катышат.
Белгилей кетсек, БГКнын жыйыны бүгүн өтүшү керек болчу. Алгач тыныгуу жарыялоо сунушталган, анткени административдик-аймактык реформага байланыштуу шаардык кеңештин курамы 235 депутатка чейин көбөйтүлгөн. Мэр Айбек Жунушалиев президенттин административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча республика боюнча күчүндө турган жарлыгын так аткаруу керектигин айтты. Анын айтымында, учурда сессияны толук кандуу өткөрүүгө шарт түзүү иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн