Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бүгүн мектептерге жеткирилет. Окуучулар үчүн 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты

09.09.2023 16:04
822
Бүгүн мектептерге жеткирилет. Окуучулар үчүн 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты


"Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-классар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Бүгүн окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн