Бүгүн, 21-сентябрдан баштап Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка караганда, алгачкы этапта Бишкек—Москва— Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат.
Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан ар бир жума күнү учат.
Буга чейин маалымдалгандай, Кыргызстандын бир катар жарандарына Россияга кирүүгө уруксат берилген.
- Россиянын жарандыгы барлар;
- Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
- медициналык жардамга муктаждарга;
- жакын туугандары каза болсо;
- бейтапты караган адамдарга;
- спортчуларга жана башкаларга.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн