Ошентип, кудайга шүгүр дейли, Баткендеги абал турукташып, кырдаал жөнгө салына баштады. Абал мындан кескин оорлошуп, өлүм-житимдер кыйла көп болуп кетүүсү толук мүмкүн болчу. Бактыга жараша, ага жеткен жок. Шүгүрчүлүк.
Кандуу окуялар, анын тегерегиндеги жагдайлар боюнча көп нерселерди жазгым, айткым келди. Бирок өлкөдөгү туруктуулук, элибиздин ынтымагы, биримдиги, тынчтык мен үчүн кымбат. Ошон үчүн тилими тишке катууну туура көрдүм. Балким, убагы келсе айтылаар…
Ачыгын айтайын, окуя башталгандан тартып мени бир нерсе ойлондуруп, бушайманга салып атты. Камчыбек Ташиев Германиядан Баткенге жетип баргандан кийинки окуялардын өнүгүүсү катуу тынчсыздандырды. «Алабарман, дардаңбай эле, элди ээрчитип келип, Акүйдүн тосмосун секирип өткөндөй эле дух менен колуна курал алып, башкаларга да берип, эч кандай даярдык, планы жок эле тажиктерге каршы аттанбагай эле…» деп чочулаганым чындык. Камчыбек Ташиевдин андай кылуусу да толук мүмкүн эле. Анда толук кандуу согуш оту тутанып, көптөгөн өлүмдөр болуп, кырчын өмүрлөр кыйылмак. Бирок Ташиев бул жолу дардаңбайлыгына салбады, эмоцияга алдырбады, саясатчы, жетекчи катары жоопкерчиликти түшүнүп, кырдаалды сергек баалап, акыл-эс менен иш алып барды. Анын жаңжалды тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечүү позициясында акыр аягына чейин тургандыгы айрымдарга жакпады, бирок бул кай жагынан албайлы, туура болду. Согушту баштап жибергенге акылдын деле кереги жок. Биздин жоокерлерге команда берген эле жетишмек. Тажик тараптын көксөгөнү, максаты ошол эле. Бирок ал провакацияга алдырбады, тынчтык, сүйлөшүү жолу менен кырдаалды салыштырмалуу турукташтырууга жетишти. Биздин жетекчилер акыр аягына чейин согуш болбосун, кырдаал оорлобосун, өмүрлөр кыйылбасын деген позицияны карманышты. Бул бирөөлөргө жагабы, жокпу, бирок бардык жагынан өзүн актаган чечим болду.
Мында «биздин өлкөдөгү коопсуздукка гарант болот» деп ойлогон, ишенген Россиянын позициясы таң калыштуу болду. Рахмон баштаган тажик тараптын кол салып, согушту көксөп жатканын көрүп, билип турушса да, Тажикстандын бийлигине кайрылып, «токтоткула» деген таризде эч нерсе айтпады. Кремлдин башкаруусундагы ОДКБ уюму деле үн катканга жараган жок. Тескерисинче, согуш отунун тутанып кетүүсүн күтүп жатышкандай, аны каалап жатышкандай таасир жаралды. Болбосо, эмнеге Путин Рахмон менен байланышып, аны провакациясын токтотууга чакырбады??? Же Кремль Кыргызстандын орус тилине расмий макам берүүсүн, орус мектептеринин ачылуусун, орусташкан саясатыбызды таптакыр баалабай тургандыгын көрсөттү. Бир нерсе болсо эле Кремлдин көзүнүн агы менен тең айлана берүүнүн кереги жоктугуна ынандырды. Кремлдин эле көзүн карабай көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүнүн зарылдыгын айгинеледи. Бул мындан кийин жетекчилерибизге чоң сабак болушу керек!
Элибизден айланса болот. Бир муштумдай биригип, Баткен элине жардамдарды уюштуруп, алардын оорун колдон, жеңилин жерден алышууда. Ар бир жаран колдорунан келген жардамдарды берүүдө. Элдин элдиги ушундай оор, кыйың кезеңдерде билинет. Ошол эле мезгилде окуялардын жүрүшүндө «бүгүнкү бийлик жаза тайып, ала салып кетсе…» деп алакандарын ушалап, четтен баам салышып турушкан күчтөр да болбой койгон жок. Балким, бул бийлик баттан, төңкөрүш, өңкөрүш жолдор менен алмаша берген жерде ыңгайы келген учурда бийликти колго алгысы келген күчтөр, топтор боло берчү мыйзам ченемдүү көрүнүштүр. Бирок тагдыр чечүүчү учурларда андай кутумдуктар чыккынчылык катары көрүнөт экен. Каргашалуу окуя элибиздин биримдигин, ынтымагын бекемдеп, уруулук, аймактык деңгээлден улуттук деңгээлге чыгарып, бөлүнүп-жарылуучулукка бөгөт коюшу керек. Окуя ушул жагынан элибизге чоң сабак болушу зарыл!
Соңунда президенттик шайлоого катышып, президент болот элем, мамлекетти башкарат элем дегендерге айтарым, Президенттик кызмат - бул бийликке келип алып, жакындарга, санаалаштарга, шайлоодо иштегендерге, оор күндөрдө жаныңда болгондорго кызматтарды бөлүштүрүп берип, аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, кайрылууларды жасап, интервьюларды берип, керектүү мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештен өткөрттүрүп, өлкөнүн бюджетин толтуруунун булактарын издеп, коррупцияны жок кылам деп үстөккө босток билдирүүлөрдү жасап, өткөн-кеткен бийликтердин ишмердигин сынга алып, мисал келтирүү эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин коопсуздугун, тынчтыгын, тынч жашоосун камсыз кылып, сырттан кол салгандардын татыктуу сазайын берип, өлкөнүн суверендүүлүгүн коргоо болуп эсептелет. Мына ушуну биле жүргүлө, урматтуу журт атасы болгусу келгендер! Жай турмушта президенттик кызматтын жоопкерчилиги, жүгү анчейин билинбейт, өлкө бүтүндүгүнө коркунуч жаралганда билинет.
Мирлан Дүйшенбаев, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн