Мен "Ыйман Нурунан" кеткен жокмун, менин артыма бычак сайды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ал чындык үчүн күрөшүп жүргөндө Нуржигит Кадырбеков саясий оюнга аралашып кеткен.
"Мен Нуржигит Кадырбековду руханий жактан күчтүү деп эсептейт элем. Ошон үчүн аны өткөн шайлоодо партиянын лидери катары алдыга чыгарып, сен саясий оюнга алданбай элге руханий азык берүүчү лидер болосуң дегенбиз.
4-октябрда биз чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жүргөндө ал саясий оюнга аралашып кетти.
Кийин экөөбүздүн ортобузда келишпестик чыкканда партиянын кеңешин чакырып, мени чыгарып салды. Менин артымдан бычак сайды",- деди Макешов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн