Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

COVID-19: Бишкек "кызыл зонага" айланды

COVID-19: Бишкек "кызыл зонага" айланды

Бишкек шаары коонавирустун жайылышы боюнча “кызыл зонага" кирди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.


Анын айтымында, мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында эпидкырдаал Бишкек шаарында күч алууда.

“Бишкек “кызыл зонага", Чүй облусу “сары”, калгандары “жашыл зонага" кирди”, - дейт ал.

Бектурганов жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 124 адамдан COVID-19 жаңы табылса, анын ичинен 77 учур Бишкек шаарында катталган. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 388 киши айыгып чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн