Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө

01.05.2020 21:26
26267
ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө


Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымал.


“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө.


Уюм мындай абалдын күтүлүп жатышына Тажикстандагы карантиндик режимдердин сакталбаганы себеп болот деген бүтүмүн чыгарган. Ал эми тажик бийлиги Дүйнөлүк банктын бул божомолуна жооп бере элек.

Пикирлер (24)

Коопсуздук коду
Юлчиев таштемир
Баткен тугандар абайлагыла жакынсынар тажикистанга алла шпасыны берсин эми
Бакытбек
Границаларды бекемдей бериш керек. Созсуз!
Абдулхамид
Все будет хорошо! Наши ребята переболели этим недугом и ниче, все нормально. Тяжелее гриппа. Все зависит от иммунитета.
Памир
Таджиктерден бизге жукпайбы? Менимче бизге да келергиси тийсе керек.
Кыргыз
Чек араларга куну туну тутотку коюш керек
Суйунбай кызы Айжаркын
Сооронбай Шариповичке рахмат! Алла ыраазы болсун! Эки дуйно бактылуу болсун! Бизде дагыда жакшы караса жакшы!