Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө

01.05.2020 21:26
26268
ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө


Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымал.


“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө.


Уюм мындай абалдын күтүлүп жатышына Тажикстандагы карантиндик режимдердин сакталбаганы себеп болот деген бүтүмүн чыгарган. Ал эми тажик бийлиги Дүйнөлүк банктын бул божомолуна жооп бере элек.

Пикирлер (24)

Коопсуздук коду
нико
качантан бери банк вирусту диагностикалап калган .?банкты Кудай урарда акча эмес олум жонундо суйлоп калат го!
Мигрант
Сионистердин пластинкасыга тажик,белорус,туркмон ойнобой калдыле Эми моонтип коркутупатышканын ушул ушакчы сайтардагы тажаттынар фактынар болбосо жазбагылада соз эркиндиги десе Бир жолу олуп алдынаргоо макоооолор
Тилекбай
Андай болушу мүмкүн эмес, бул туура эмес маалымат.
Каныбек
ДБ эмнеге таянып айтканын билбейм, бирок менимче ал жакта давно эле ооругандар бар болчу..., жабып жашырып отуруп ДБ айткандар келечек эмес азыр деле болуп жатса керек, болгондо анчалык денгээлде эмес
Рысбай Убраимов
Дуба кылалы. Аллах сактасын! Оору-бул балээ. Душманыма да каалабайм