Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө

01.05.2020 21:26
26271
ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө


Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымал.


“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө.


Уюм мындай абалдын күтүлүп жатышына Тажикстандагы карантиндик режимдердин сакталбаганы себеп болот деген бүтүмүн чыгарган. Ал эми тажик бийлиги Дүйнөлүк банктын бул божомолуна жооп бере элек.

Пикирлер (24)

Коопсуздук коду
Паа Раимбердиев
Аллах өзү сактасын амиинь
Темир
Дүйнөлүк банк ушундай анализ кылып атса, өтү күйүп аткан го, каржылагысы келсе мындай эле жардам бере бербейби?! Демек, кызыкдар, кандайдыр бир алардын ички саясатына түзмө-түз кызыгуулары бар. Коронавирус илдетинен сактоо үчүн каражат бөлөт ооба бирок, ал каражаттын артында эмне жатат, вот ошол вопрос. Лукашенкого дагы бирдеме дейин деп отургандыр, эки бутун салаңдатып, утечка таппай.
Асанов азамат
Аллах озу сактасын калп дуйнолук банк нени билсин бил аллахтан башка эч ким билбей эртен не болорун
Гулу
Кудай билетт да баарын эмне булар алдын ала билгидей ким экен
Женя Юсупова
Кудай сактасын. Айткандан алыс болсун. Дуйнодо тынчтык болсун. Эч ким оорубасын. Кошуналарыбыз тынч болсун.