Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө

01.05.2020 21:26
26269
ДБ: Тажикстанда коронавирусту 230 миң адам жугузуп, 21 миңге чейин жаран каза болушу күтүлүүдө


Дүйнөлүк банктын (ДБ) коронавирусту чукул жөнгө салуу боюнча долбоору Тажикстанда күтүлүп жаткан абал тууралуу алдын ала божомолун жарыялады. Анда коңшу мамлекетти алдыда өтө оор күндөр күтүп турары айтылган. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Тажикстанда COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин адам жугузуп алышы ыктымал.


“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп кылышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, - деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө.


Уюм мындай абалдын күтүлүп жатышына Тажикстандагы карантиндик режимдердин сакталбаганы себеп болот деген бүтүмүн чыгарган. Ал эми тажик бийлиги Дүйнөлүк банктын бул божомолуна жооп бере элек.

Пикирлер (24)

Коопсуздук коду
Асыл д
Дүйнөлүк банктын вирусьменен кандай иши бар?
Азамат
Дуйнолук банкта атайын долбор бар ушундай мезгилде мамлекеттерге жардам колун сунат.акча каражатын болот.
Рукия Садыкова
Асыл д туура айттын
Кыргыз
Ошону айтсаң. Оозуңа таш ДБ
Так
Акчасын таркатыш керек да
Рустам
Тиги мындай деди, бул андай деди дегенинерди качаан токтотосунааар? Деди дегендин баарысы ушак! Болбосо деди дебей кордум мына деп жазгыла!
Шара Бара
Оаа туура айтасын
Азиз Жакыпов
Дуйнолук банктын оозуна таш... Кудайым сактасын... Жаманбы жакшыбы бир дубал кошунабыз...
Данияр
Азаматсын
Кадырбек
Дуйнолук банк иликтебей озунун ишин кылбайбы.
Ишиң болбосун
Койчу ааай
Жамбылбек
Тажикстанда 100 миңден ашуун улутташтарыбыз жашашат. Кудай сактасын...