Дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, сынак президенттин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Кароо-сынак улуттук эпостордун жана дастан өнөрүнүн мурастарын келечек муунга өткөрүү, өнүктүрүү, жаш таланттардын шыктандыруу, коомчулукка таанылуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Кароо-сынак эки айлампа менен өтөт:
1-айлампа. Дастанчылар тизмедеги чыгармалардын ичинен өзүнө туш келгенин аткарышы керек. (5-10 мүнөт)
"Курманбек", "Жаныш Байыш", "Аксаткын менен Кулмырза", "Олжобай менен Кишимжан", "Карагул Ботом", "Кожожаш", “Саринжи Бөкөй”,
2-айлампа. 1-турдан тандалып алынган катышуучулар өзү каалаган 2 дастанды (10-15 мүнөт) аткарат. Биринчи турда аткарган дастанды экинчи турда аткарганга болбойт.
Калыстар тобунун курамына композитор, тилчи, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр кирет. Сынактын катышуучулары диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
Кароо-сынак 17-ноябрда Кыргыз улуттук Манас театрында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн