Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эки партиянын жаңжалы: Араван РИИБдин башчысы кызматынан алынды

21.09.2020 10:39
2239
Эки партиянын жаңжалы: Араван РИИБдин башчысы кызматынан алынды


Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБдин башчысы кызматтан алынды жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунда коомдук тартип камсыз кылууда кетирилген кемчиликтери үчүн Араван РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги С.Исмаилов жана бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болушту. 


"Араван районунда катталган факт боюнча сотко чейин өндүрүш учурунда тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт жана ошондой эле күнөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат", - деп айтылат маалыматта. 


20-сентябрда Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын Араван айылында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иш-чаралардын жүрүшүндө чогулгандардын арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.


Бул факт боюнча Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана  сотко чейинки өндүрүш башталды.



Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Пикирчи
Ислам мамлекети келсин баары жепжутарлардын колу кесилет, зынаркорлор ташбаранга алынат. Аз калды тугандар
Жошбай
Аларды баарын камаш керек эки элди бөлүп жаткан ит жепжутар бир сөз менен айтканда паракорлор