Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эки партиянын жаңжалы: Аравандагы массалык мушташ боюнча 13 адам кармалды

23.09.2020 15:41
1095
Эки партиянын жаңжалы: Аравандагы массалык мушташ боюнча 13 адам кармалды


Араван районунда партиялардын үгүт иштери учурундагы массалык мушташ боюнча 13 адам шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Малыматка караганда, массалык мушташтан кийин ооруканада дарыланып жаткан 9 жаран жаңжалга катыштыгы бар деп кармалды. 4 жаран убактылуу жайга киргизилди. 9 адам милициянын көзөмөлүндө Араван аймактык ооруканасында жана Оштогу ооруканада дарыланып жататат. 


Мындан тышкары дагы 2 адам изделип жатат. Учурда окуяга тиешеси бар адамдар жана күбөлөр сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө 30дан ашуун адам суракка чакырылган.


Буга чейин маалымдалгандай, Араван районунда 20-сентябрда эки саясий партиянын үгүтчүлөрү ортосунда массалык мушташ чыккан. Чырдын кесепетинен 12 адам ооруканага түшүп, 5 автоунаа талкаланган. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн