Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сот АКИпресс агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, Чолпонбаев сотко чейинки иштердин тергөө учурунда 15-мартка чейин үй камагында болот.
Эске салсак, мурдагы министр пандемия учурунда шалаакылык кылган деген шек менен кармалып кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн