Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында “COVID-19 пандемиясына ыкчам чара
көрүү жана оору менен күрөшүүгө кеткен чыгымдарды колдоо программасы боюнча Кыргызстан
менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо
жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.
Ошондой эле, чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге “Мекен кард” документин берүү сунушталды. Мындан тышкары бир катар мыйзам долбоорлору каралып, жактырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн