Коомдук талкууга сунушталган жаңы Конституциянын долбоорундагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – бул Элдик курултай институтун киргизүү экен. Бул институт Жогорку Кеңештин да үстүнөн карай турган элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу органы болуп саналары жазылган.
Эгерде Элдик курултай жогорку кеңешүүчү орган боло турган болсо, анда парламенттин кандай зарылчылыгы бар? Өзү жогорку кеңешүүчү орган – бул Жогорку Кеңеш эмес беле? Бул жаңы Конституциянын долбоору кабыл алына турган болсо, анда Жогорку Кеңеш деген органды жоюп эле салуу туура болчудай, ал эми мыйзам чыгаруу функциясын дагы Элдик курултайга өткөрүп берип салуу керек. Депутаттардын санын 120дан 90го чейин кыскартып, анан кайра эле дагы Элдик курултай деген институт түзө калып, аны да мамлекеттин эсебинен каржылап отуруунун өзү канчалык эффективдүү болуп бере алат?
Экинчиден, ошол Элдик курултай институтуна өкүлдөр кандай жол менен келет? Ушул суроо да өтө маанилүү. Эгерде шайлоо жолу менен келе турган болсо, анда мурдагыдай эле олигархтар менен кызыл кулактар ээлеп албайбы? Эл өкүлдөрүнүн үстүнөн көзөмөл кыла турган элдик курултайчылар олигархтар жана кызыл кулактардан курала турган болсо, андан мамлекетке кандай пайда келиши мүмкүн?
Жаңы Конституциянын долбоорунда Элдик курултай институту кандай жол менен түзүлөрү так көрсөтүлгөн эмес. Балким, өкмөттүн курамын президент өзү каалагандай түзүп, дайындай турган сыяктуу эле, элдик курултайчыларды да президент өзү курай турган болсо, анда алардын элдик экенине ынанууга болобу?
Деги эле бир ай ичинде жаңы Конституция жазып салгандар ашкере шашмалык кылып жаткан жокпу? Балким, аркадан жоо кубалап келатпагандан кийин сабырдуулук кылып, шашылбастан ойлонуу туура болоттур? Же улам бийлик алмашкан сайын Конституцияны өзгөртүп туруу бизде салт болуп калды беле?
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн