Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Электр энергиясына тарифти өзгөртүү менен боюджетти толтурбайбыз, энергетикалык кризистен чыгабыз, - Садыр Жапаров

27.04.2021 00:10
1045
Электр энергиясына тарифти өзгөртүү менен боюджетти толтурбайбыз, энергетикалык кризистен чыгабыз, - Садыр Жапаров


Президент Садыр Жапаров АКИPpress агенттигине маек берип жатып, коомчулукту тынчсыздандырган электр энергиясына болгон тарифтин өзгөрүүшү тууралуу да айтып өттү.


- Буга чейинки президенттер электр энергияга болгон бааны жогорулатуу чечимине келе алган эмес. Жакында эле тарифти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп өзүнчө бөлүштүрүү сунушун айттыңыз. Сөз 1 кВт саатка 1,04 сом жана 2,29 сом деген сандар тууралуу...

Бул айрымдар үчүн коррупцияга дагы бир ыктоо болуп калбайбы? Сиздин пикир боюнча элибиз буга даярбы?


- Коррупцияга ыктап кетпейт. Анткени 1-бөлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр — булар 110 миң үй-бүлө. Гуманитардык жардам келгенде дагы даректүү деп аларга беребиз. Алардын тизмеси бизде бар.


Анан тоолуу райондор менен алыскы райондор мыйзам менен бекитилген. Аны эч ким бурмалап кете албайт. Байларды алып барып, кедейлерге кошуп коё албайт. Ал эртеңки күнү чыгып калса, 100 эселеп кайра кайтарып алабыз. Ким кошкону — электрик, айыл өкмөт же министр кошкону эртеңки күнү чыгып калат да. Коррупцияга жол берилбейт деп ойлойбуз.


Электр энергия боюнча бюджетти толтуралы деген саясат жок. Электр энергия менен бюджетти толтура албайбыз. Бул система 30 жылдан бери батып калган кризистен өзү менен өзүн алып чыгалы деп жатабыз. Андан бюджетке эч нерсе албайбыз.


Мен деле 5 жыл болобу, мөөнөтүм бүткүчө тынч отура берейин деп кредит алып келе берем. Кымбат электр энергия сатып алабыз. 5 жыл өткөндөн кийин бүттү деп басып кетсе деле болот. Бирок андай кайдыгерликке абийирим жол бербей жатат.


30 жылдан бери сазга батып калган кризистен чыгаралы деп жатабыз. Эл колдоп берсе, биз ошого жетебиз. Эгерде азыр карабай койсок, эмдиги жылы же кийинки жылы Токтогул суу сактагычын жабышка туура келет. Суу да болбойт, электр энергия да болбойт.


Дагы ГЭСтер салына баштайт. Куланак ГЭСи салына баштайт, дагы кичи ГЭСтерден экөө салынып жатат. Бири бүтүп калды, жакында барып ачылышын кылам.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн