Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:57
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Эльвира Сурабалдиева Россиянын элчиси менен эмнени талкуулады?

30.01.2021 12:37
854
Эльвира Сурабалдиева Россиянын элчиси менен эмнени талкуулады?

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуу алкагында тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин жыйындысын талкуулады.


Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.


Вице-премьер-министрдин м.а. россиялык тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн