Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эт кымбаттады деп, кафеден тамак ичет экенсиңер

28.11.2020 20:00
1264
Эт кымбаттады деп, кафеден тамак ичет экенсиңер

Эки жумадан бери Кыргызстанда жүрүп көп нерселерди көрүп жатам. Адамдарда кедейлер менен байлардын ажырымы чоңоюп жатыптыр. Кафе ресторандарга кирсең бош орун жок. Астында машина койоорго орун жок. Москвада жакшы эле тыйын тапкандай болобуз, анан бул жакка  келгенде бир жумада эле буларга теңеле албай калат экенбиз. Кээде ой келет, булар үйүндө тамак деле жасабай калышкан го деп. Тим эле кафеде бала чакасы менен олтурушат. Үй-бүлө менен бир болгон, албетте, жакшы бирок эт кымбаттады деп ыйлактайсыңар да, тамакты кафеден ичет экенсиңер го? Бизди алдап мигрант кылып жөнөтүп жиберип, өзүңөр Кыргызстанды тоноп жеп жыргап аткандай эле туюлуп жатат мага. Каяктан аласыңар ошончо акчаны? Бизге да айтсаңар, жат жерде темселеп, оңурайган орустун жүзүн карап, "чурка" деген сөздү укпай эле, биз деле ушу жакта жыргап кафеме-кафе жашайлы? Сурасам айлык 10 миң 20 миң дешет. Анан мен бир жумада эле ошончо тыйынды кетирип ийдимго?

 Дааа, түшүнүксүз Кыргызстан.


Толкунбай Чили Сай

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн