Тогуздун айы 23, 2024
Убакыт: 01:27
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Евразиялык экономикалык союздун судьясы Галина Скрипкина өмүр баянында эмнени жашырган?

30.03.2021 11:17
6195
Евразиялык экономикалык союздун судьясы Галина Скрипкина өмүр баянында эмнени жашырган?


2016-жылдан бери карай Кыргызстандын атынан Евразиялык экономикалык союздун сотунун судьясы болуп отурган Галина Скрипкина аттуу айым бар. Ал бул кызматка барганга чейин Жогорку Кеңеште КСДП партиясынын атынан депутаттыкты аркалап, профилдик комитетти жетектеп турган. Галина Анатольевна эмгек жолунда коомчулуктан жашырып келген жагдайы тууралуу бизге маалымат келип түштү. Анда эмесе кеп башынан болсун. 


Каарманыбыздын баскан жолуна үңүлсөк, ал бүгүнкү күндө 68 жашта. Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Матвеев районунун Сарай-Гир айылында жарык дүйнөгө келген. 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 1970-жылдан тарта Бишкек шаарындагы түрдүү ишканаларда жана уюмдарда юристконсульт болуп иштеген. 


1992-жылдан тарта Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун адвокаттар коллегиясынын мүчөсү, Эл аралык Третей сотунун Кыргыз Республикасындагы арбитри. 


Галина Анатольевна Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөн кезинде аны жандап, юридикалык жактан кеңештерин берип, жакын мамиле курганга үлгүргөн. Натыйжада 2009-жылдын 3-декабрында КСДПнын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Парламенттеги коргоо, коопсуздук, укук тартиби, соттук-укуктук маселелер жана коррупцияга каршы аракет комитетинин мүчөсү болгон. 2010-жылдын апрелинен тарта аз убакытка Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү да болгонго үлгүргөн. 


2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП менен шайлоого аттанып, депутаттык мандат тагынган. Парламенттеги конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетин жетектеген. Башка дагы бир топ комитеттердин мүчөсү, төраганын орун басары кызматтарын ээлеген. 


2015-жылы кайрадан эле КСДП партиясы менен парламентке келип, конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетти жетектеген. 


Анан 2016-жылдын 1-июлунда Евразиялык экономикалык союздун Сотунун судьясы болуп кеткен. КР Жогорку Кеңешинин жана өкмөтүнүн ардак грамоталарынын ээси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи наамы бар. 


Евразиялык экономикалык союздун Сотунун расмий сайтында Галина Скрипкинанын өмүр-таржымалы тууралуу мына ушундай маалыматтар бар (http://courteurasian.org/page-24331). Ал эми биздин жеке булагыбыздын кабарлашынча, Галина айым убагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп иштептир. Эмне үчүн ал тууралуу маалыматты киргизген эмес? Бу жерде олуттуу себеп бар эмеспи? 

Эми ушул жерден Галина Анатольевнага суроолорубузду узатабыз: 

- Сиз Ленин райондук сотунда судья болуп иштеп туруп, кайсы бир кылмыш ишине айыпталуучуга айып пул салуу тууралуу чечим чыгарган экенсиз. Чечимге ылайык, айып пул мамлекеттин бюджетине төлөнүшү керек эле. Бирок, айып пулду өзүнүздүн чөнтөгүңүзгө буруп койгонуңуз чынбы? 

- Сиздин мындай мыйзамсыз аракетиңиз билинип калып, соттун судьялыгынан кетүүгө аргасыз болдуңуз беле? 

- Демек, сиз өмүр таржымалыңыздан атайылап эле Ленин райондук сотундагы иштеген жылдарды алып салып жатасызбы? Бул олуттуу мыйзам бузууга жатпайбы?  

Биз Галина Скрипкинага суроолорубузду узаттык. Андан жооп күтөбүз. Макалабызды андан кийин улантабыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн