Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 12:04
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Филармонияда колдонулган Борбор Азиядагы уникалдуу музыкалык аспап калыбына келтирилди

20.11.2024 17:10
630
Филармонияда колдонулган Борбор Азиядагы уникалдуу музыкалык аспап калыбына келтирилди


Улуттук филармонияда колдонулган Борбор Азиядагы уникалдуу музыкалык аспап калыбына келтирилди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, органды калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин Москвадан келген жогорку квалификациялуу адистер жүргүзүштү. Алар оңдоо иштерин жыйынтыктаган соң, жаңыртылган органда музыкалык чыгармаларды аткарып, анын өзгөчө үнү менен тааныштырышты.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов катышты. Министр жасалган иштердин сапатын жогору баалап, органды калыбына келтирүү Кыргызстан үчүн маданий мурастарды сактоо жаатындагы чоң кадам экенин белгиледи. Ошондой эле ал аталган аспапты концерттик жана билим берүү программаларында активдүү пайдалануу боюнча сунуштарды берди.

“Бул орган биздин музыкалык маданиятыбыздын жана тарыхыбыздын символу болуп саналат. Аны калыбына келтирүү менен биз аспаптын уникалдуу үнүн сактап калуу менен катар классикалык музыканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз”, - деп билдирди Алтынбек Максүтов.

Министрликтен белгилешкендей, органды оңдоого республикалык бюджеттен 9 млн сом бөлүнгөн. Бул каражат аспаптын баштапкы үнүн калыбына келтирүүгө жана аны толук кандуу колдонууга даярдоого мүмкүнчүлүк берди.

Маалымат үчүн: Улуттук филармониянын органы мындан жарым кылым мурун орнотулган жана көп жылдар бою концерттик программалардын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Аны калыбына келтирүү филармониянын репертуарын кеңейтүүгө, уникалдуу органдык концерттерди кайра жандандырууга жана классикалык музыкага болгон кызыгууну арттырууга шарт түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн