Бугу 23, 2025
Убакыт: 17:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Гарвард университети чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратылды

23.05.2025 10:30
27
Гарвард университети чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратылды


АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Гарвард университетин чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратты. Тиешелүү буйрукка администрациянын бөлүм башчысы Кристи Ноем кол койду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирет.


Маалыматка караганда, университет мындан ары чет элдиктерге студенттик виза алуу үчүн керектүү документтерди бере албайт. Ал эми учурда билим алып жаткан чет элдик студенттер башка университеттерге которулушу керек. Которулбаса депортацияланышы мүмкүн.


Администрация университетти зордук-зомбулукту, антисемитизмди жана Кытай Коммунисттик партиясы менен байланышты күчөтүү үчүн жооптуу деп эсептейт.


Өз кезегинде Гарвард бул чечимди мыйзамсыз деп атап, эл аралык студенттер университетке жана өлкөгө экономикалык пайда алып келип жатканын билдирген.


Учурда университетте 7 миңге жакын чет элдиктер билим алууда — бул студенттердин жалпы санынын төрттөн биринен көбүрөөгүн түзөт. Гарвард доо арыз менен кайрылып, кампуста антисемитизм жана исламга каршы эки отчет жарыялаган. Отчетторго карата учурда администрация тарабынан жооп бериле элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн