Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Германиядан 59 кыргыз жараны кайтып келди

14.05.2020 23:34
1008
Германиядан 59 кыргыз жараны кайтып келди


14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, чартердик каттамда учуп келгендердин 48и “Sea Chefs” круиздик лайнерде иштеген жарандар. Ал эми калганы 11 адам Германияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар.


Эске салсак, буга чейин 14-майда Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргыз жараны кайтып келген.


Мындан сырткары, Япония жана Кореядан 43 жаран кайтарылса, Москва-Бишкек чартердик каттамы аркылуу 147 мекендешибиз учуп келишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн