Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ИИМ: Баткенде баңгизаттарды ташып жаткан жаран кармалды

ИИМ: Баткенде баңгизаттарды ташып жаткан жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине  “Алик” аттуу жаран  Тажикстан Республикасынын аймагынан Баткен облусу аркылуу Кыргыз Республикасына   баңгизаттарды ташып жана сатып өткөрүү менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт КЖБРге  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

2020-жылдын 9-ноябрь күнү саат 20-30 чамаларында жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы авто унаа жолунда Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Кашат айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Дж.Х.Дж.   кармалган.  Кармалган жаранга тинтүү жүргүзгөн учурда, колуна алып жүргөн спорттук сумакасынын ичинен таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизат табылып алынган.   

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат жалпы салмагы 796 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги маалым болгон. 

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн